КЕЙИН, (啓 - 寅) кытайча "таңды ачуу" дегенди билдирет. Институттун негиздөөчүсү, доктор Паул К.Синн тарабынан, келечегин кура турган жана айлана-чөйрөсүн өнүктүрө ала турган, жаш муундагы жетекчилерге сапаттуу билим берүү менен, өлкөгө “таңды ачуу” максаты коюлган.
Кейин- бул өзүнүн өзгөчө атмосферасы бар жер. Бул жерден сиз ар кандай көз караштагы жана маданияттуу чөйрөнү таба аласыз.
Окуу англис тилинде жүргүзүлөт (2-курстан баштап колледж) Чет өлкөлөрдөн мугалимдер чакырылат
Аймактардан же алыскы аймактардан келген студенттер үчүн жайлуу батир тибиндеги жатакана курулган
The campus has a modern computer lab and classrooms, as well as an online classrooom with internet access
Бакалаврдын студенттери алмашуу программаларына катышуу жана АКШ менен Кореядагы университеттерге баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ
Институт шаардын ызы-чуусунан алыс жайгашкан, бул студенттерге Кейин атмосферасын жакшыраак сезүүгө мүмкүнчүлүк берет
Китепкана, компьютерлер жана басма үчүн керектүү нерселердин бардыгы бар
(3 жыл)
Дүйнөлүк айлана-чөйрөнүн татаалдыгын жана жергиликтүү өзгөчөлүктөрүн эске алган башкаруу чечимдерин кабыл алуу процессине катышууга жөндөмдүү адистерди даярдоо.
(3 жыл)
Маалыматтык тутумдарды математикалык колдоонуну түзүү жана колдонуу менен байланышкан маалыматтык-эсептөө тутумдары үчүн программалык камсыздоо чөйрөсүндөгү теориялык жана практикалык маселелерди ийгиликтүү чечүүгө жөндөмдүү адистерди даярдоо
(3 жыл)
Туроператордук, туристтик агенттиктерди жана экскурсиялык кызматтарды уюштуруу жана көрсөтүү технологияларына ээ болгон, кесипкөй коомчулуктун муктаждыктарын эске алуу менен квалификациялуу кадрларды даярдоо.
(4 жыл)
Дүйнөлүк айлана-чөйрөнүн татаалдыгын жана жергиликтүү өзгөчөлүктөрүн эске алган башкаруу чечимдерин кабыл алуу процессине катышууга жөндөмдүү адистерди даярдоо.
(4 жыл)
Маалыматтык тутумдарды математикалык колдоонуну түзүү жана колдонуу менен байланышкан маалыматтык-эсептөө тутумдары үчүн программалык камсыздоо чөйрөсүндөгү теориялык жана практикалык маселелерди ийгиликтүү чечүүгө жөндөмдүү адистерди даярдоо
(4 жыл)
Англис тилиндеги тексттин ар кандай түрлөрүн иштеп чыгуу, адабий процесстин мыйзам ченемдүүлүктөрүн, көркөм маани-маңызын талдай алган негизги адабий жана лингвистикалык категориялар жаатында адис даярдоо.
Биз сиздин англис тилинин деңгээлин жогорулатуу менен бирге, сапаттуу билим беребиз. Сиздин машыгууңуз үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү бергенге аракет кылабыз. Биз сиздин жашооңузга жол ача турган жөндөмдөрдү өрчүтүүгө аракет кылабыз.