Биз жөнүндө

Миссиясы

Эл аралык билим берүү стандарттарына ылайык, эмгек рыногунда талап кылынган жана Чүй облусунун инновациялык өнүгүүсү аркылуу көйгөйлөрдү чечүүгө жөндөмдүү, адеп-ахлактык адистерди даярдоо.

Институттун Тарыхы

2009-жылы Кыргызстандагы Ивановка айылында имараттар сатылып алынып, негизги кампуска айланган. 2012-жылдан бери англис тилинде жалпы билим берүү программасы иштей баштаган. Андан тышкары, 2015-жылы колледж үч жылдык лицензиясын алган. 2015-2017-жылдар аралыгында АКШ жана Корея Республикасынын бир катар университеттери менен кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол коюлган. Ошентип, 2017-жылы жогорку билим (Бакалавр) берүү ишине укук берүүчү лицензия алынган.

КЕЙИН, (啓 - 寅) кытайча "таңды ачуу" дегенди билдирет. Институттун негиздөөчүсү, доктор Паул К.Синн тарабынан, келечегин кура турган жана айлана-чөйрөсүн өнүктүрө ала турган, жаш муундагы жетекчилерге сапаттуу билим берүү менен, өлкөгө “таңды ачуу” максаты коюлган.

2016-жылы биздин колледжди биринчи бүтүрүүбүз болду. 2021-жылга чейин, бул студенттердин алтынчы бүтүрүүчүсү.

Ошондой эле 2021-жылы студенттердин биринчи бүтүрүү кечеси болуп өттү. Алардын экөө андан ары Кореяда билим алуу үчүн грант алышкан.

Билим берүү

30-ноябрь, 2012-жылдан баштап

Институттун уюштуруучу

Paul K Synn

Эмне үчүн Ивановка?

Бул жер кокустан тандалган эмес. Кыргызстандагы институттун негиздөөчүсүнө эң биринчи таасир калтырган нерсе - бул кооз жана жандуу жаратылыш. Ошондой эле, алардан кем эмес жаркыраган адамдар, алардын жылуу мамилеси жана меймандостугу болушу мүмкүн. Институт тоолордун кооз көрүнүшү бар жерде жайгашкан. Ага мүмкүнчүлүгү барларды гана эмес, билим берүү каалоосу Ивановканын жаштарынын өнүгүүсүнө көмөктөшүүнү каалайт.

Кампустун инфраструктурасы

Кейин эл аралык институтунун кампусунда (жайгашкан жеринде) студенттер үчүн ыңгайлуу бардык шарттар түзүлгөн.

Студенттик кампуста хх ххх чарчы метр аудитордук фонд, ар кандай темадагы материалдары, окуу куралдары бар китепканасы, актовый зал, компьютердик бөлмөлөр жана интернетке туташтырылган лаборатория бар.

Ошондой эле, студенттер үчүн бардык жашоо шарттары (ысык жана муздак суу, ванна бөлмөсү, жылытуу) менен камсыздалган заманбап жатакана бар жана ашканада тамак менен камсызкылынган. Жатаканада жашагандар үчүн күнүнө үч маал тамак төлөгөн акысына кошулат. Wi-Fi байланышы капмустун жана жатакананын аймагында бар.

about6

Эл аралык программалар

Эл аралык программалар Эл аралык академиялык программалар студенттин жаңы практикалык ыктарды өздөштүрүүсүнө, көз-карашынын кеңейишине, бизнес жаатында тилдер боюнча билимин колдонууга, ошондой эле өзү үчүн жаңы маданият менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет.

Учурда Кейин АКШ жана Корея Республикасынын төмөнкү университеттери менен кызматташат:

Миссури университети, АКШ.
КукМин Университети, Сеул, Корея.
Инчхон Улуттук университети, Корея.
Косин университети, Корея.
Шинхан улуттук университети, Корея.

about10