Кейин — Чүй облусунун Станция Ивановка айылында жайгашкан Эл аралык университет, Кыргыз Республикасына аккредитацияланган 3 программа боюнча бакалавр даражасын жана колледжде 3 адистештирилген окуу программасын сунуштайт.
College Program
Колледждин программасы орто мектепти аяктагандан кийин тандаган кесиби боюнча билим алууга мүмкүнчүлүк берет. Үч жылдык окуу учурунда 10-11-класстын программасын өтүп, англис тилдин деңгээлин жогорулатып, ошондой эле кошумча билим алууга же жумуш табууга жөндөмдөрдү өздөштүрүүгө шарт түзүлөт. Окуунун аягында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик үлгүсүндөгү диплому жана Эл аралык Кейин институтунун сертификаты тапшырылат.
Программалар: Бизнести менеджменти, Маалыматтык технологиялар, Туризм.
Университетке даярдоо программасы
UPP – Университетке даярдоо программасы англис тилин бир жыл ичинде тез жакшыртууну каалаган студенттер үчүн арналган. Бул программа студенттерге колледж же университеттик курстарды англис тилинде окууга жардам берүү үчүн сунушталат.
Бакалавриат Программасы
2017-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жогорку окуу жайларынын ишмердүүлүгү менен алектенүүгө укук берилген лицензия берилди.
Сиз каалаган кесибиңизди өздөштүрүп, турмуштук тажрыйбага, жөндөмгө ээ боло аласыз.
Программалар: Менеджмент, Информатика жана инженерия, Филология.